Тегеран Израилдин чабуулуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырды

Тегеран Израилдин Иранга ракеталык чабуулуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырды. Бул тууралуу Ирандын БУУдагы миссиясы билдиргенин РИА Новости жазды.

"Иран Ислам Республикасы Коопсуздук кеңешинин төрагасынан бул олуттуу бузууларды жана мыйзамсыз аракеттерди карап чыгуу жана бул кылмыштуу режимди жоопкерчиликке тартуу үчүн шашылыш жыйын өткөрүүнү өтүнөт", - деп айтылат Ирандын туруктуу өкүлү Амир Саид Ирванинин БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррешке жазган катында.

Эске сала кетсек, 26-октябрга караган түнү Израилдин Коргоо күчтөрү Ирандагы аскерий объектилерге кол салууларды жарыялаган. Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Израиль Иранга кол салуу үчүн 100дөн ашык учакты, анын ичинде F-35 истребителин колдонгон.

Кийинчерээк Израиль Иранга кол салуу боюнча расмий билдирүү жасады. Анда алар бул кол салууну "миссия аткарылды" деп эсептей турганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан