АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Грузиядагы шайлоону иликтөөгө чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Грузиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, эл аралык байкоочуларды орун алды делген мыйзам бузууларды иликтөөгө чакырды. Чет элдик басылмалар анын билдирүүсүндө шайлоодо мамлекеттик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу учурлар жана башкаруучу партия тарабынан шайлоочуларга болгон коркутуулар белгилегенин жазып чыгышты.

"Эл аралык байкоочулар шайлоонун жыйынтыгын эркин жана адилеттүү деп мүнөздөшпөйт. Биз эл аралык нормалардын бардык бузулушун айыптайбыз, ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу иликтөөгө чакырган чакырыктарына кошулабыз", - деген Блинкен.

Мамлекеттик катчы Грузиянын саясий лидерлерин шайлоо процессиндеги кемчиликтерди биргелешип жоюуга үндөгөн.

Буга чейин Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, элди дүйшөмбү күнү Тбилисиде нааразылык акциясына чыгууга чакырган.

Эске салсак, 26-октябрда Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы 54,08 пайыз менен жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан