Польша өзүнүн чыгыш чек араларында өлкөнүн президенти Анджей Дуда “темир көшөгөгө” салыштырган чептер системасын курууга даярданып жатат. Ал The Times гезитине берген маегинде Батыштын кээ бир саясатчыларынын бул долбоордон “үрөйү учуп” жатканын белгиледи.
"Чыгыш калканы" (полякча Tarcza Wschod) деп аталган бул дымактуу пландын алкагында Польша Беларусь жана Орусия менен чек араны бойлото танкка каршы чуңкурларды, бункерлерди жана мина талааларын камтыган коргонуу линиясын түзүүнү көздөөдө. Дуда бул долбоор Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери Польшанын чыгыш чек арасын бекемдөө боюнча эң чоң операция болорун белгиледи.
Президенттин айтымында, "Чыгыш калканы" мүмкүн болгон аскердик коркунучтардын алдын алуу гана эмес, НАТО өлкөлөрүнүн биримдигинин символу болууга тийиш. Ал ошондой эле Польша кошуна Балтика өлкөлөрү – Литва, Латвия жана Эстония менен биргеликте аймакта бирдиктүү коопсуздук системасын түзүү үчүн иш алып барарын кошумчалады.
Курулуш быйыл башталып, 2028-жылга чейин бүткөрүлөт. Жаңы коргонуу линиясынын жалпы узундугу болжол менен 700 чакырымды түзөт. Польшанын бийлиги бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Евробиримдиктин бюджетинен каражат сураган.
"Темир көшөгө" термини "кансыз согуш" мезгилинде СССРди жана анын союздаштарын Батыш Европа мамлекеттеринен жана АКШдан бөлүп турган маалыматтык, саясий жана аскердик тоскоолдуктарды билдирет. Ал жарандарга коюлган обочолонууну жана чектөөлөрдү, анын ичинде чет өлкөгө чыгууга жана чет өлкөдөн маалымат алууга тыюу салууну символдоштурган.