Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун болжол менен 348-чакырымында кар көчкү түштү (тоннелге 500 метр жетпей, Жалал-Абад тарабында). Бул боюнча ӨКМ бүгүн, 28-октябрда билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, ал эми тоннелдин Казарман тарабында кар көчкү түшкөн эмес, жааган кардын калыңдыгы 25 сантиметр.
"Учурда тоннелдин ичинде туруп калган 10 унаа Казарман тарапка чыгарылды. Ал эми Казармандан Жалал-Абадды көздөй көмүр жүктөп бараткан 5 оор жүк ташуучу унаа тоннелдин Казарман тарабында турат" деп билдирди ӨКМ.
Жерине Сузак райондук №65 ӨКБдан 4 куткаруучу жана тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан жүктөгүч тартылган.
Кошумча маалымат берилет.