Бүгүн Кыргызстанга "Asman Airlines" авиакомпаниясынын экинчи учагы келет

Бүгүн, 29-октябрда Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы үчүн экинчи учактын келиши күтүлүүдө (Dash 8, 400, Канаданын канадалык DeHavilland Aircraft өндүрүүчүсү). Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул турбовинттүү эки кыймылдаткычтуу кыска аралыкка учуучу учак 80 жүргүнчүнү ташууга жана аларды 2000 чакырымга чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү.

"Улуттук авиакомпаниянын жаңы паркынын ишке кириши Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында жаңы баракты ачат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин 6-сентябрда Кыргызстандын ички каттамдары үчүн Канададан сатылып алынган учактардын алгачкысы “Манас” эл аралык аэропортуна конгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан