Кыргызстан менен Казакстандын саламаттык сактоо министрлери кызматташуу планына кол коюшту

Бүгүн, 29-октябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарованын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул боюнча министрликтен билдирди.
Кабарлангандай, жолугушуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясынын алкагында орун алган. Анда 2025-2026-жылдарга эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралардын Планына кол коюлду.
Бейшеналиев кол коюлган Планда белгиленген кызматташтык эки өлкөнүн жарандарына жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган көптөгөн багыттарды жана иш-чараларды камтыйт деп белгиледи.
План биргелешкен илимий долбоорлорду, анын ичинде генетикалык изилдөөлөрдү жана саламаттыкты сактоого инновациялык ыкмаларды иштеп чыгууну карайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан