Орусияда блогер кыздын жансыз денеси канализациядан табылды

Орусиялык блогер Кристина Рэйдин жансыз денеси Сочи шаарындагы канализациядан табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

35 жаштагы Кристина Рэйдин жоголуш 9-октябрда кеңири белгилүү болгон. Аны акыркы жолу 28-сентябрда Сочиде көрүшкөн.

Кечээ, 29-октябрда Хостинский районундагы канализациядан аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат чыккан. Сөөк экспертизага жөнөтүлүп, кийинчерээк укук коргоо органдары маркум Кристина Рэй экенин тастыкташкан. Анын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз.

Кристина Рэй эң чоң эрини менен дагы белгилүү. 2011-жылы ал эң чоң эрини бар кыз катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан