Ким Чен Ынды кайтаруу күчөтүлдү

Түндүк Корея өлкөнүн лидери Ким Чен Ындын өмүрүнө кол салуу коркунучунан улам коопсуздук чараларын күчөттү. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги өлкөнүн Улуттук чалгын кызматына таянуу менен билдирди.

Андагы маалыматка караганда, Түндүк Корея Ким Чен Ындын коопсуздугу үчүн байланыш жабдууларын орнотуп, дрондорду аныктоо үчүн дагы атайын техникаларды колдоно баштаган. Коопсуздук чараларына карата мындай тынчсыздануу башка нерселер менен катар Ким Чен Ындын бул жылы коомдук активдүүлүгүнүн өсүшү менен түшүндүрүлөт. Тагыраагы, былтыр, 2023-жылга караганда Ким Чен Ын быйыл 60 пайыз эл алдына көбүрөөк чыккан.

Мындан тышкары, анын кызы Ким Чжу Энин (аты-жөнү Түндүк Кореянын маалымат каражаттарында эч качан расмий айтылган эмес) дагы коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Ким Чжу Э болжол менен 10-12 жашта. Ал биринчи жолу эл алдына эки жыл мурун, 2022-жылдын күзүндө атасы жаңы континенттер аралык Хвасон-17 баллистикалык ракетасын учурууну көргөнү барган кезде чыккан. Ошондон бери Ким Чен Ындын кызы Түндүк Кореянын басылмаларында үзгүлтүксүз чыга баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан