Кара-Балтада "Манас" спорт комплекси ачылат 

Кара-Балта шаарында жаңыланган «Манас» спорт комплексинин ачылыш аземи 2-ноябрда өтөт. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдигинин маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, иш-чара оюн-зоок жана концерттик программа менен коштолот.

Спорт комплекс Кара-Балта шаарынын атынан чыккан «Кыргызалтын» клубунун окуу-машыгуу базасы болуп саналат. Ал 4,92 гектар аянтты ээлеп, үч кабаттуу мейманкана имаратын, жеңил атлетика үчүн кышкы манеж, жабык бассейнди, бокс жана күрөш залдарын, толук көлөмдүү футбол оюн талаасын жана эки кичи футбол аянтчасын камтыйт.

Негизги оюн талаасы гибриддик газондуу, 2150 орундуу көрүүчүлөр трибунасы жана VIP-трибуна менен жабдылган. Жаңы жарык берүүчү шам чырактар футболук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Комплексте 100 орундуу унаа токтотуучу жай бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан