
Нарын районундагы Госдорога-Пионер унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, бүгүнкү күндө пландалган 1 чакырымдын 670 метрине асфальт төшөлдү.
Мындан тышкары Госдорога - Үч-Нура унаа жолунун 9-12-чакырым аралыгынын 1, 2 чакырымына асфальт басылды. Учурда калган тилкесине асфальт төшөө пландалууда.
Жеринде №8 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.