Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон суу ташкынынан каза болгондордун саны 60тан ашты. Чет өлкөлүк басылмалар Испания өкмөтү үч күндүк аза күтүү жарыялаганын жазышты.
Маалым болгондой, Валенсия аймагында 155 миңге жакын үй электр жарыгысыз калды. Мектептеги сабактар жана спорттук иш-чаралар токтотулуп, шаардык парктар жабылды.
Куткаруу иштерине миңден ашуун аскер кызматкерлери тартылып, өзгөчө кырдаалдар кызматтарына жардам көрсөтүүдө.
Буга чейин Испаниянын Валенсия аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкыны болуп, 50 адам каза болгону маалымдалган.