Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 13 миллиард 177 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрга карата “Электр станциялары” ААКсынын маалыматында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 308 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 416 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 30-октябрда суу сактагычта топтолгон суунун көлөмү 13 миллиард 187 миллион куб метрди түзгөн.