Шакиев кыргыз-казак парламенттер аралык кеңештин жыйынына катышты

Бүгүн, 31-октябрда төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Казакстандын Парламентинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык кеңештин II жыйынына катышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештен маалымдашты.

Ага ылайык, жыйында Шакиев эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду.

"Соңку жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда көптөгөн келишимдерге жетишилип, мамлекеттер аралык кызматташууга бекем пайдубал болду. Айрыкча Президент Садыр Жапаровдун быйыл Казакстанга жасаган расмий сапары байланыштардын жаңы барагын ачып, өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түздү. Тагыраагы, алакаларды арттырууга багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлду",- деди Шакиев.

Ошону менен бирге төрага акыркы жылдары эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, жогорку деңгээлдеги көптөгөн жолугушуулар өткөнүн белгиледи.

"Парламенттер аралык дипломатия эки өлкөнүн ортосундагы саясий өз ара диалогду жакшыртууга, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди алдыга жылдырууга, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдик базаны кеңейтүүгө көмөкчү болот”, - деди ал.

Отурумда соода-экономикалык маселелер тууралуу да пикирин айткан төрага Казакстан Кыргызстандын аталган багыттагы башкы өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирди..

"Быйыл апрель айында Астанада кыргыз-казак бизнес форуму өтүп, анын жыйынтыгында 300 млн долларлык 9 документке кол коюлган. Андан сырткары, инвестициялык байланыштарды мындан ары өркүндөтүү максатында инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча жаңыланган өкмөттөр аралык макулдашууга да жетишилген", - деди.

Ага ылайык, Нурланбек Шакиев аталган келишимдердин бардыгын ийгиликтүү ишке ашыруу менен эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2030-жылга чейин 3 миллиард долларга жеткирүү зарыл экенин кошумчалады.

"Бизде Токтогул менен Жамбыл сындуу эки элге көпүрө болгон залкарлар арбын. Алардын көчүн улап, эки элдин орток уулуна айланган алгачкы кыргыз жетекчилеринин бири Жусуп Абдрахмановдой атабызды да айта кетпесек болбос. Кыйын учурларда канатташ жашаган эки боордош калкка бирдей кызмат кылып, достугун бекемдеген атабыздын ысымын Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине ыйгаруу сунушу берилген. Андыктан, аталган демилгени колдоп бересиздер деген терең ишеничтемин", - деди.

Ал эми Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов да өнөктөштүктү өрчүтүү жаатындагы маселелерди көтөрүп, соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү багытындагы пикирлерин айтты.

Анын ичинен соода-логистикалык маселелерди чечүү, чек арадагы өткөрмө жайлардын ишин жакшыртуу жана туризм тармагында кызматташуу зарылчылыгына токтолду. Тагыраагы Алматы - Ысык-Көл жаңы каттамынын ачылышы аталган багыттардагы алгылыктуу иштердин бири болорун кошумчалады.

Муну менен катар экономикалык-инвестициялык кызматташтыктын учурдагы абалы тууралуу сөз кылган Ерлан Кошанов биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана Кыргызстандагы тоо-кен тармагында ийгиликтүү иштеп жаткан казак компаниялар жөнүндө мисал кылды.

Эскерте кетсек, жыйындын алкагында төрагалар парламенттер аралык кеңештин жобосуна кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан