Өлкөдө 40 миңден ашык үй-бүлөгө турак жай курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат унаа жолунун жаңыланган бөлүгүнүн ачылышында билдирди.
"Бүгүнкү күндө мамлекетте 40 миңден ашык үй-бүлөгө турак жайлар салынып жатат. Быйыл күздө Бишкектин тегерегинде 5 миңге жакын үй-бүлөгө үй берилет. Кийинки жылы жазда Жалал-Абадда 5 миңге чукул адамга, күздө Ошто берилет.
Тапшырманын негизинде Жалал-Абадда 10 миң үй-бүлөгө, Ошто 10 миң үй-бүлө, Баткенде 5 миң үй-бүлөгө үй курушубуз керек" деди УКМК башчысы.
Ошондой эле ал Таласта, Нарында, Ысык-Көлдө, Чүйдө жана Бишкекте дагы турак жайлар курулушу керектигин белгилеп өттү.
Мындан тышкары УКМК башчысы турак жайларды Мамлекеттик ипотекалык компаниялар кура турганын кошумчаланды.