Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагындагы суу ташкынында кеминде 95 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам көчөлөрдү, үйлөрдү суу каптап, транспорт кыймылы үзгүлтүккө учураган.
"Валенсия аймагында 92 адам, коңшулаш Кастилья-Ла-Манча аймагында эки киши, Андалусияда бир адам каза болду. Кырсык болгон аймактарга куткаруучулар жана улуттук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1100дөн ашык аскер жөнөтүлдү" деп жазылат маалыматта.
Кечээ, 30-октябрда Испания өкмөтү үч күндүк аза күтүү жарыялаганы маалымдалган.
Испаниянын улуттук аба ырайы кызматы Валенсия шаарында сегиз сааттын ичинде мурунку 20 айга караганда көбүрөөк жамгыр жаагандыгын билдирген.