Айрым аймактарда жаан жаайт. 2-ноябрга карата аба ырайы 

Эртең, 2-ноябрда өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот.

Бийик тоолуу аймактардагы жолдо тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13.

Бишкек шаарында түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан