Өлкөнүн бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Амантур Жумаев менен Тыныстан Алыбаев бокс боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт департаменти тараткан маалыматка ылайык, мелдеш Монтенегродо өткөн. Анда Жумаев 54 килограммга чейинки салмак ченинде, ал эми Алыбаев 92 килограмм чейинки салмак категориясында катышкан.
Курама команда башкы машыктыруучулар Улан Төлөнбай уулу, Рустам Эсенкулов жана машыктыруучулар Бейшенбек Сабатаров, Темирлан Осмонов, Азамат Абдыкеримовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.