Бүгүн, 1-ноябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясынын башчысы Ангелика Шопп менен жолугушту. Бул боюнча аталган мекемеден маалымдашты.
Жолугушууда эл аралык гуманитардык укук боюнча маселелер талкууланып, кызматташуунун негизги багыттары каралды жана дин чөйрөсүнө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Соңунда тараптар актуалдуу маселелерди чечүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.