4-5-6-ноябрь күндөрү Бишкек менен жана Чүйдүн айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул боюнча 2-ноябрда ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү өлкөдө Түркиянын президенти мамлекеттик сапары менен болот.
Мындан улам төмөнкү жолдор тосулат:
– «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй кең көчөсүнө чейин;
– Чүй кең көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү
ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа калтырбоого, оор жүк ташуучу айдоочуларды зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга жана жалпы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.