"Манчестер Юнайтеддин" жаңы машыктыруучу белгилүү болду

Англиянын "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу Эрик тен Хаг кызматтан кеткенден кийин жаңы башкы машыктыруучусун дайындады. Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары жазышты.

Анда жазылгандай, команданын жаңы машыктыруучусу "Спортингдин" машыктыруучусу болот. Тагыраагы, Рубен Аморим 2027-жылдын июнуна чейин келишим түздү. Ал 11-ноябрда "Юнайтедге" кошулат.

Ал эми Руд ван Нистелрой команданы Аморим келгенге чейин жетектейт.

Белгилей өтсөк, Тен Хаг "Манчестер Юнайтедди" 2022-жылдын июль айынан бери башкарган. Анын жетекчилиги астында команда 2022/2023 сезонунда 75 упай менен Англия чемпионатында 3-орунду ээлеген.

Аморим 39 жашта. Ал машыктыруучу катары 2019-жылы карьерасын баштап, 2020-жылы "Спортингди" жетектеген. Бул аралыкта команда эки жолу Португалия Лигасынын Кубогун жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан