"Слово пацана" сериалында Ералаштын чоң энесинин ролун аткарган орусиялык актриса Лидия Ильина дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ага ылайык, актриса кечээ, 1-ноябрда ооруканада 77 жаш курагында көз жумган.
Бир нече тасмаларда роль жараткан Лидия Ильинанын коштошуу зыйнаты 5-ноябрда өтөт.
Ильина 1946-жылы 29-ноябрда туулган. Ал музыкалык мектепти, андан кийин И.С.Палантая атындагы музыкалык-театралдык окуу жайынын театр жана режиссёр бөлүмүн бүтүргөн. Сериалдагы биринчи ролун 2010-жылы аткарган.