Аскат Алагөзов автобекеттер боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу автобекеттин шаардын сыртына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө берди.

"Ооба, айыл-апага каттагандар үчүн ыңгайсыздыктар болуп жатканын түшүнүп турабыз. Бир аз чыдай турсаңыздар, буюрса, эң заманбап автобекет салынат. "Ош базары" аэропортту көздөй кеткен жол жакка заманбап салынып жатканын билесиздер. Жаңы автобекет дагы курулуп бүткөндө азыркы "Ош базары" тургандай эле борбор калаанын ортосунда эле болуп калат" деди ал.

Ошондой эле ал калаанын аянты кеңейип жатканын сөз кылып, жаңы автобекет шаар ичинде эле болорун белгилеген.

"Шаар кеңейди. Бир капталы Байтикке, экинчи жагы “Манас” аэропортуна, бир капталы Сокулукка, экинчи жагы Аламүдүнгө чейин жетти. Ага жараша инфратүзүмдөр, көп кабаттуу үйлөрдөн турган өзүнчө кичи райондор түшөт. Ошондо шаардын четине чыкты, өтө алыс болуп калды деген автобекет шаардын ичинде эле экен деп каласыздар. Ал эми батыш автобекети болсо оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн башка максатка пайдаланылат. Мындан улам, өтүнүч, бир аз сабырдуулук кылып турсаңыздар. Кээде алдыдагы ийгиликтер үчүн айрым ыңгайсыздыктарга чыдап коюуга туура келет" деди ал.

Белгилей кетсек, Нарын жана Ысык-Көл облустарына каттамдар Алма-Ата 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекетинен" жөнөйт.

Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттамдар Бишкектин батыш тарабындагы жаңы "Ак-Кула" ат майданы курула турчу аймактан кетет.

Эске салсак, 23-октябрда батыш автобекети, анын ичинде "Ак-Жол" кичи автобекети ишин толугу менен токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан