ӨКМ Жумгалда ата-баланы издөө ишин убактылуу токтотту

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши кеч киргендигине байланыштуу саат 18:21де токтотулду. Бул боюнча ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, эртең, 3-ноябрда кайрадан таң эрте издөө иши улантылат.
Бүгүн саат 7:20да башталган издөөгө жалпы 100 адам чыгышты. Издөө иштери жеринде министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан