Белгилүү актёрлор Аскат Сулайманов менен Камчы Сарыбаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлынды. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, сыйлыкты өлкө башчысы Садыр Жапаров тапшырган.
Сыйлык ээлери Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келишет.
Бүгүн, 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип жатат. Аны утурлай бир нече маданият кызматкерлерине өлкөнүн маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн сыйлыктар берилди.