Нарында 17 жаштагы кыз көпүрөдөн Нарын дарыясына секиргени айтылууда

Нарында 17 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 5 куткаруучу, Нарын шаардык №16 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 30 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 45 адам чыгышты.

"Нарын облусунун Нарын шаарында 2-ноябрда Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан