Испаниянын падышасы Филипп VI селден жапа чеккен Валенсияга барганда, тургундар ага ылай ыргытышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Падыша жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү үчүн аймакка келген, бирок бул эч кимге жаккан эмес. Видеодо эл “уят”, “канкор” деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот. Бийлик кырсыктын алдын ала албаганына эл нааразы.
Акыркы маалыматтарга караганда, табигый кырсыктан каза болгондордун саны 210дон ашты, жүздөгөн адамдар дайынсыз болууда.