Имамидин Ташовдун апасы: "Уулум өзүнө кол салмак эмес" (видео)

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаардык соту "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызын кароодон баш тартты.

Отурум аяктагандан кийин ишкердин апасы Саибжамал Абдукаимова уулу өз өмүрүнө кол салбай турганын билдирип өттү.

"Жума күнү баш каргоо чарасын карайбыз дешкен, бирок алып келишкен жок. Уулумдун абалы начар болсо керек, мен сезип жатам. Ал окуядан кийин биз көргөн жокпуз. "Дүйшөмбүгө жылдырылды, онлайн кылабыз" дешкен бизди бүгүн киргизген жок.

Адам эч качан өзүнө өзү кол салбайт. Мен өзүнө кол салды дегенге ишенбейм. Мен үчүн мыйзам жоктой болуп жатат. Баламдын абалы оор, бизди киргизбей жатат" - деди ишкердин апасы.

Белгилей кетсек, 30-октябрда ишкер Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салды деген маалымат тараган. Аталган окуя боюнча УКМК маалымат берип, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап өзүнүн ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.

Имамидин Ташовдун апасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан