Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш кайрылуу жасады

Эртең, 5-ноябрдан тарта Кыргызстандын аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүп, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 5-8 ноябрь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле унаа жолдордо сел жүрүү жана таш кулоо болушу мүмкүн экенин ӨКМ эскертти.

"Республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз", - деп жазылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан