Владимир Путин Курск облусу боюнча билдирүү жасады

Курск облусун Орусиянын куралдуу күчтөрү украиналык бөлүктөрдөн тазалагандан кийин ыктыярчылардын алдында көп иштер турат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

"Эми биз аталган аймакты душмандардан тазалагандан кийин, сиздер үчүн дагы көп иш болот", - деген Путин "Вымпел" аскердик-патриоттук борборунун активисттерине кайрылып жатып.

Ошондой эле 16 жаштагы Илья аттуу ыктыярчы Путинге ыктыярчылар аймактын жашоочуларына кантип гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүп жатканы тууралуу айтып берген.

"Ооба, ооба, биз бул аймакты тазалайбыз", - деп кайталаган Путин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан