Бүгүн, 5-ноябрда "Ынтымак Ордо" президенттик администрациясында өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдогандын ортосунда сүйлөшүүлөр өтүп, соңунда биргелешкен билдирүү жасашты. Анда Жапаров Эрдоганды эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады.
"Кымбаттуу бир тууганым, эки элдин биримдигин жана түбөлүк достугун, стратегиялык кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымыңыз үчүн Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири болгон I даражадагы "Манас" орденин бүткүл кыргыз элинин атынан сизге тапшырып коюуга уруксат этиңиз", - деди Жапаров.
Мамлекет башчы бул сыйлыкты тапшыруу өзүнчө сыймык экенин белгилеп, Эрдоганга бекем ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалады.