Чүйдө Жазаларды аткаруу кызматынын бетон заводу ачылды

Чүйдөгү Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан курулган бетон заводунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, завод ЖАКка караштуу “Механизациялаштырылган көчмө колонна" мамлекеттик ишканасы тарабынан курулган. Анын сметалык баасы 30 миллион сомду түзүп, өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 100 куб метр бетонго жетет. Курулуш иштери быйыл августта башталган. Анда 10 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Иш-чарага ЖАКтын төрагасы Аскат Эгембердиев, юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле ЖАКтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

"Жаңы бетон заводун түзүүнүн негизги максатарынын бири - Бишкек, Ош, Каракол жана Жалал-Абад шаарларынын чегинен тышкары жайгашкан ЖАКтын мекемелерин куруу үчүн курулуш материалдары менен тез жана сапаттуу камсыз кылуу. Бул демилге 2022-жылдын 31-мартында бекитилген ЖАКтын мекемелерин көчүрүү боюнча Жол картасынын алкагында ишке ашырылууда. Заводдун ишке киргизилиши бюджеттик каражаттарды эффективдүү пайдаланууга жана өзүбүздүн өндүрүштүн эсебинен курулуш материалдарын сатып алуу баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Өз сөзүндө Аскат Эгембердиев бул Жазаларды аткаруу кызматы үчүн маанилүү окуя экенин билдирди.

“Биз Кыргызстанда азыркы учурда теңдеши жок заманбап завод ачып жатабыз. Аны ишке киргизүү бул мекемелерди эл аралык стандарттарга ылайык шаардын чегинен тышкары жайгаштыруу боюнча иштөөгө мүмкүндүк берген актуалдуу чечим, бул соттолгондорду кармоо шарттарын модернизациялоого жана жакшыртууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан