Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президенти Владимир Путин Дональд Трампты АКШдагы шайлоодогу жеңиши менен куттуктабай турганын билдирди.
"Президенттин Трампты шайлоо менен куттуктайм деген планынан кабарым жок. Биздин мамлекетке каршы согушка түз да, кыйыр түрдө да катышкан дос эмес өлкө жөнүндө сөз болуп жатканын унутпайлы", - деп белгиледи расмий өкүл.
Анын айтымында, Орусия Трамптын жеңишинен кийин АКШ менен сүйлөшүүлөргө ачык, бирок демилге Америка тараптан чыгышы керек. Ошондой эле ал Орусиянын шайлоого кийлигишкени тууралуу дооматтарды четке какты.
Сентябрда Трамп Нью-Йоркто Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, эгер ал шайланып калса, Украинадагы согушту тез арада токтотууну убада кылган. Трамп конкреттүү кадамдарды белгилебесе да, "Зеленский да, Путин да жаңжалды токтотууну каалашат" деп айткан.