Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, элди абактагы Мелис Аспековдун айткандарына ишенбөөгө чакырды.
Ал Аспековду "социалдык тармактар аркылуу калп билдирүүлөрдү жасап жатат" деп айыптады.
"Өлкө башчысын мамлекеттик байлыкты басып алды. Президент Кумтөрдү иштетип келген чет элдик компаниядан ири суммадагы акчаларды алган" деп жатат. Эгер Садыр Жапаров Кумтөрдөн акча алган болсо, анда кен азыр да чет элдик компаниянын колунда болмок. Андыктан анын калптарын суу кечпейт деп ишенимдүү айтсак болот", - деди Орунбеков.
Эске салсак, Аспеков ушул жылдын март айында күчөтүлгөн режимде 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2023-жылдын сентябрында массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен кармалган болчу. Акыркы убакта Аспековдун абактан жасаган видео кайрылуулары социалдык тармактарга жарыяланып келет.