Ооганстандын бийлигинде турган "Талибан" кыймылы АКШ аларды Дональд Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү учурунда террордук уюмдардын тизмесинен чыгарарына үмүттөнөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кыймылдын Катардагы саясий бюросунун башчысы Сухейль Шахинге шилтеме берип жазды.
"Албетте, азыр согуш бүтүп, биз жаңы этапта тургандыктан, биздин мүчөлөрүбүздү бул тизмеде калтыруунун эч кандай пайдасы жок", - деген ал.
Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган "Талибан" кыймылы 2021-жылы август айында Кошмо Штаттар аскерлерин өлкөдөн чыгарып кеткенден кийин кайрадан бийликке келген.
Белгилей кетсек, сентябрь айында Кыргызстан "Талибанды" тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарган.