Израил армиясы Нидерландыдагы өз жарандарын куткарууну баштайт

Амстердамдагы футбол оюнунан кийинки израилдиктерге болгон кол салуудан улам Израилдин Коргоо күчтөрү Нидерландыдагы куткаруу операциясын жүргүзөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Тель-Авивдин куткаруу миссиясы Нидерландынын бийлиги менен макулдашылган. Миссия медициналык жана куткаруу топторун камтыйт. Учурда куткаруу иштерине даярдыктар жүрүп жатканын армиянын басма сөз кызматы маалымдаган.

Буга чейин Европа Лигасынын алкагында Амстердамда өткөн жергиликтүү "Аякс" клубу менен Израилдин "Маккаби" клубунун ортосундагы футбол беттешинен кийин израилдик күйөрмандарга массалык кол салуу орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан