Йемендин түндүк бөлүгүн башкарган хусийлердин "Ансар Аллах" кыймылы АКШнын чалгындоо учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу РИА Новости өздүк булактарына таянып жазды.
"Ансар Алланын" абадан коргонуу күчтөрү Йемендин түндүгүндөгү Аль-Жавф провинциясынын асманында, Сауд Аравия менен чек арага жакын жерде америкалык MQ-9 чалгындоочу учкучсуз учагын ракета менен атып түшүрдү", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, хусийлер Йемендеги 2014–2015-жылдардагы саясий окуялардан кийин иш жүзүндө өлкөнүн түндүгү менен борборун көзөмөлдөп калышкан. Йемендин бир кыйла бөлүгүн 2015-жылдан бери хусийлер негиздеген Ыңкылап кеңеши башкарып келет.