Орусиянын ири банктары банкоматтар аркылуу доллар менен еврону кабыл алууну токтотушту

Орусияда системалык мааниге ээ банктардын көпчүлүгү – Борбордук банктын тизмесиндеги 13 банктын 11и банкоматтар аркылуу доллар жана евро кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу "Известия" гезити кредиттик мекемелердин колл-борборлоруна жана басма сөз кызматтарына таянуу менен билдирди.

Басылма "Сбербанк", "ВТБ", "Открытие", "Райффайзенбанк", "Юникредитбанк", "Газпромбанк", "Россельхозбанк", "Промсвязьбанк", "Москва кредит банкы", "Росбанк" жана "Совкомбанктын" банкоматтары валюталарды кабыл алууну токтоткондугун тактаган.

Долларды (ар дайым эмес) жана еврону "Альфа-банк" жана "Тинькофф" банкоматтары аркылуу гана салсаңыз болот. Бирок экинчиси эсептерге чет элдик валютаны салуу үчүн 5 пайыз комиссия алат.

Гезит белгилегендей, банкоматтар эмне үчүн валютаны кабыл алууну токтоткону боюнча банктар комментарий беришкен жок. "Открытие" банкы муну банкка каршы санкциялардан улам болгонун түшүндүрдү. “Известия” интервью алган эксперттердин көпчүлүгү бул тенденцияны орус банк системасына каршы санкциялар, ошондой эле бир катар банктардын глобалдык SWIFT системасынан ажыратылышы менен да байланыштырды. Мындан тышкары эксперттер такташкандай, калктын банкоматтар аркылуу акча салууга болгон суроо-талаптары төмөндөп жатат.

"Известиянын" маалыматы боюнча, 2022-жылы евро менен долларды депозитке салуу мүмкүн болбой калган. Орусия менен Украинанын ортосунда согуш башталгандан кийин орус банктары АКШ, Евробиримдик жана башка өлкөлөрдүн санкцияларына кабылган.

Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) Орусиядан келген кредиттик мекемелердин санкциялык тизмесин кеңейтти. Чектөөлөргө "Тинькофф", "Солидарность", "Локо банк", "Санкт-Петербург социалдык коммерциялык банкы" жана "Юнистрим банктары" кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан