Орусиядан 20 миң чет элдик депортацияланды

"Нелегал 2024" операциясынын алкагында Орусиядан 20 миң чет элдик депортацияланды. Бул тууралуу 8-ноябрда Ички иштер министрлигине таянып орус басылмалары жазды.

Ички иштер министрлиги, ФСБ жана Росфинмониторингдин биргелешкен операциясынын жүрүшүндө 106 миңден ашык миграциялык мыйзамдарды бузуу фактылары аныкталып, анын натыйжасында 20 миң мыйзамсыз мигрант өлкөдөн чыгарылды.

"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында ички иштер органдары жана мамлекеттик коопсуздук органдары тарабынан мыйзамсыз миграцияны уюштурууга байланыштуу 4 миңден ашык кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, курал-жарактарды, ошондой эле баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жүгүртүү боюнча 700гө жакын кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан