Трамп мыйзамсыз мигранттарды жапырт түрдө депортациялоону убадалады

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп шайлоодон кийин журналисттерге берген алгачкы маегинде кызматка расмий киришкен соң биринчи күнүнөн тартып АКШнын тарыхындагы эң ири депортация программасын ишке ашырууга киришүүнү убада кылды.

NBC News медиасы Трамптан анын шайлоо алдында берген мыйзамсыз мигранттарды жапырт түрдө депортациялоо убадасы жөнүндө сураган, ал муну ишке ашыруудан башка жол жок экенин айтты.

Трамп иммиграция процесстерине көзөмөлдү күчөтүү менен чектелбестен, депортацияларды кеңири жана ар тараптуу кылууну убада кылып, аларга кошумча катаал чараларды көздөйт. Планда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө бөгөт коюу боюнча иш-чараларды күчөтүү да камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан