Казакстанда тик учак кулап, бир адам каза болду (видео)

Тик учак Актөбө облусунда катуу конуп, натыйжасында бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бүгүн, 9-ноябрда саат 11:40та 112 номерине Марктук районунун Сарыжар айылына жакын жерде Казакстандын Коргоо министрлигине таандык болушу мүмкүн делген тик учак кулаган", - деп айтылат маалыматта.

"Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча күчтөр жана каражаттар: 5 бирдик техника жана 23 адам тартылган. Ошондой эле ӨКМдин куткаруучулары барышып, өрттү өчүрүшкөн. МИ-8 үлгүсүндөгү вертолеттун бортунда 3 адам болгон. Алардын бири каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми эки жаракат алган жаран Актөбө шаарына МО Як-40 учагы менен жеткирилген.

Казакстан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан