Рас-Сидр шаарына (Египеттин чыгышында) жакын жерде автобус менен болгон кырсыктын кесепетинен кеминде 41 адам ар кандай жараат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жпзышууда.
Айрым агенттиктердин айтымында, автобустагы Азербайжан, Казакстан, Украина жана Орусиядан барган туристтер жабыркаган. Ал эми жабыркаган жарандар ооруканага жеткирилген, алардын абалы тууралуу маалымат берилген эмес.
Маалым болгондой, учурда окуянын чоо-жайы такталууда.