ТИМ: Пакистанда теракттан жабыркагандардын арасында  кыргызстандыктар жок

Пакистандагы теракттан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын элчилиги Кветтада жүргөн республиканын жарандары менен дайыма байланышта.

"Пакистанда жүргөн мекендештер дипломатиялык миссиянын шашылыш телефондоруна чалып, жардам же кеңеш ала алышат: +923303717771 жана +923350802525", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 9-ноябрда Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарындагы темир жол станциясында жардыруу болуп, кеминде 24 киши каза болуп, 40тан ашууну жараат алганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан