Бүгүн, 9-ноябрда Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарындагы темир жол станциясында жардыруу болуп, кеминде 24 киши каза болуп, 40тан ашууну жараат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмадан жазышты.
Белужистан полициясынын башкы инспектору Муззам Жа Ансаринин айтымында, жарылуудан 24 киши каза болгон. Жарадарлардын көбү оор абалда. Буталар жөө аскер мектебинин жоокерлери болгон.
Азырынча жарадар болгон 44 адам ооруканага жеткирилгенин оорукананын басма сөз катчысы доктор Васим Баиг Reuters агенттигине билдирген.
Полициянын улук башчысы Мухаммад Балох жардырууну террорчу жасаган окшойт деп билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
"Жардыруу темир жол станциясында Пешаварды көздөй бараткан экспресс көздөгөн жерине жөнөй турганда болду", - деди Балох.
Таңга маал эл көп болгон Кветта шаарынын башкы темир жол станциясындагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.