Испанияда селден кийин 100 миңден ашуун адам нааразылык акциясына чыкты (видео)

Валенсияда 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган селден кийин провинциянын президенти Карлос Мазондун кызматтан кетишин талап кылган 130 миңдей адам көчөгө чыкты.

El Diario белгилегендей, чогулгандар жүздөгөн каза болгондор үчүн Мазонду айыпташты. Митингчилер "Валенсиянын башчысы узак түшкү тамактанды, ал эми ондогон шаарларды суу каптап кетти" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

El Diario белгилегендей, бул Валенсиядагы 2003-жылдан бери эл Ирактагы согушка каршы чыккан эң ири демонстрация болду.

Эсаке салсак, октябрдын аягында Испаниянын түштүгүндө жана чыгышында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам акыркы 75 жыл ичиндеги эң катуу суу ташкындарынын бири болгон. Валенсия эң катуу жабыркады, селдин кесепеттери Андалусия жана башка аймактарда дагы болгон.

Испания бийлиги селден каза болгондордун саны 223кө жеткенин билдирген.

Испания нааразылык акциясы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан