Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланды.
Видеодо Биволду жакын санаалаштары, достору салтанаттуу тосуп алышканын көрүүгө болот. Мындан тышкары ага жана анын жеке машыктыруучусуна калпак, чепкен кийгизилди.
Маалым болгондой, ал Кыргызстанга кечээ, 9-ноябрда келген.
Эске салсак, 12-октябрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында “Жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону” наамы үчүн уюштурулган беттеште мушкер Дмитрий Бивол Канаданын атынан чыккан орусиялык мушкер Артур Бетербиевге жеңилип калган.