Абхазияда оппозициянын өкүлдөрүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап кеткенден кийин массалык башаламандыктар башталды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү, 11-ноябрда кечинде Республика Телеграм каналы билдирди.
Жергиликтүү журналисттер Гудаутадагы элдик жыйындан кайтып келе жаткан беш оппозиционердин кармалганын кабарлашууда. Ал жерде бүгүн Абхазиянын парламенти акыркы окууда кабыл алган Орусия менен инвестициялык келишимди ратификациялоону талкуулашмак.
Бул депутаттардын мушташына себеп болду. Оппозиция Абхазиянын тургундарын 15-ноябрда жыйын боло турган күнү парламентке чогулууга чакырды.
Дүйшөмбүдө келишимди ратификациялоого каршылар республиканын Мамлекеттик күзөт кызматынын имаратына агылып келишип, камактагыларды бошотууну талап кылышкан.
Күч түзүмдөрү алардын талабына жооп берген эмес, андан кийин оппозиция тарапкерлери дарбазаларды талкалап, унаа менен сүзүп, Мамлекеттик күзөт кызматынын аймагына кирип келишкен.
Өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Дмитрий Кучуберия ведомствонун дарбазасынын алдында болгон окуяны “массалык башаламандык” деп атады.