Белгилүү “Беткапчан адам” кыргызстандык Талайгүл аттуу жаранга жана анын үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү.
Талайгүлдүн көзү көрбөй калганына 10 жыл болсо, жолдошу үчүнчү стадиядагы рак оорусу менен күрөшүп келет. Ал эми тун уулуна аутизм диагнозу коюлган.
Үй-бүлөнүн оор турмушунан кабар алган беткапчан адам алардын дарылануусуна каражат берип, баш калкалоочу жай маселесин да чечип, үй белек кылды.