Бишкек шаарында троллейбустардын ордуна жаңы алынган автобустар каттамга кирет. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Калаа бийлиги троллейбустардын каттамдарын Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу токтотконун, мындай чечим иш-чарага келген делегациялар тыгынга калбастан, тоскоолдуксуз жүрүүсүн уюштуруу максатында кабыл алынганын эске салды.
Ошондой эле мэрия ушу тапта эки троллейбус токтотуучу жайда Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунун эсебинен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан троллейбус кыймылы биротоло токтотулганын маалымдап, ал каттамдарынын ордуна жаңы автобус линиялары ишке киргизилерин эскертти.