Италияда кытайлык авиакомпанияга таандык учактын оң канатынан абага көтөрүлгөндөн өрт чыккан. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, Boeing 787нин ичинде 249 жүргүнчү жана 16 экипаж мүчөсү болгон. Учак Римден Кытайдын Шэньчжэнь шаарына багыт алып бара жаткандыгы айтылган. Кырсык катталгандан кийин учак күйүүчү майларды деңиз үстүнө таштап, Фьюмичино шаарындагы аэропортко чукул конгон.
Кошумчалангандай, учактын оң капталындагы кыймылдаткычка чымчык кирип кеткендиктен өрт келип чыккан. Учак аэропортко ийгиликтүү конгонуп, жабыркагандар катталбаганы маалыматта кошумчаланган.