АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Түштүк Дакота штатынын губернатору Кристи Ноемди ички коопсуздук боюнча министр кылып дайындайт. Саясатчынын айтымында, мурдагы конгрессмен "чек ара коопсуздугу маселелери боюнча абдан күчтүү". Учурда МВБны Алехандро Майоркас жетектейт.
"Ал Техаска (АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы) жараткан чек ара кризисине каршы күрөшүү үчүн Улуттук гвардиянын аскерлерин жөнөткөн биринчи губернатор болду", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.
Дональд Трамп департаменттин болочок башчысынан жаңы администрацияда чек ара коопсуздугун жана мыйзамсыз мигранттарды депортациялоону көзөмөлдөй турган Томас Хоман менен тыгыз иштешет деп күтөрүн билдирди.
Буга чейин Трамп миллиардер Илон Маскты да жаңы кызматка дайындаганы маалым болгон.